Балдарга улуттук баалуулуктарды таанытсам дейм — тарбиячы менен маек

Маек Загрузка... 26 Сентябрь 2025 17:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25./Кабар/. 22-24-сентябрда Бишкекте "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагы өттү. Анын жыйынтыгында 1-орунду Бишкектеги №93 "Адеми" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы 38 жаштагы Айгүл Жолдошева ээледи. "Кабар" агенттиги бала бакчанын тарбиячысын ийгилиги менен куттуктап, кепке тартты.

deb6ddce-e432-4c17-97f4-22be44b183dc.jpeg

- Сыйлыгыңыз кут болсун! Бүт өлкөдөн топтолгон тарбиячылардын ичинен суурулуп чыгып, алдыңкы орунду алганыңызды жакындарыңыз кандай кабыл алды?

- Ооба, мага республикалык сынакта биринчи орунду ээлегеним абдан күтүүсүз болду. Азыр да кубанып, толкунданып турам. Бул сынакка катышканда атуулдук милдетимди аткаргандай башкача сезимдер болду. Азыр да ишене албай отурам. Артка кылчайып караганда 8 жылдык эмгегим текке кетпей, бааланганына ыраазы болуп жатам. Бул жетишкендигим мени мындан дагы бийиктиктерди багындырууга, изденүүмө түрткү берет деп ойлойм. Бала бакчаларга улуттук идеология, улуттук баалуулуктарга негизделген сабактарды даярдоого аракетимди жумшагым келип калды. Президенттин колунан сыйлык аласыз дегендин өзү мен үчүн чоң сыймык.

- Бала бакчада канча жылдан бери бөбөктөрдү тарбиялап келесиз?

- Мен Бишкектин Биринчи май районунун Көлмө конушунундагы №93 бала бакчада 2017 –жылдан бери иштейм. Өзүм И.Арабаев атындагы КМУну аяктап, биология мугалими адистигине ээ болгом. Кийин Россиянын Омск университетине тапшырып, бала бакча тарбиячысы адистигин алып, ушул бакча ачылгандан бери иштеп келе жатам. Мага балдардын жан дүйнөсү жакын болгондуктан, аларга байланып 8 жылдан бери тарбиячымын. Таң эрте бакчага келип, күн батканга чейин алар менен чогуу жүрүүдөн эргүү алам. Балдардын жүрөгү таза, алар менен иштөө башкача бир энергия берет.

012e4976-c7df-4889-9e84-361768902a4f.jpeg

- Буга чейин да сынактарга катыштыңыз беле же бул алгачкысыбы?

- Республикалык деңгээлдеги сынакка биринчи жолу катыштым. Жетекчибиздин сунушу менен "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагына катышып, өз жетишкендигимди жана тажрыйбамды сынап көрөйүн деп райондук сынакка бардым. Ал жактан биринчи орунду жеңип, шаардык сынакка жолдомо алып, андан да 1-орунду камсыздадым. Сынакта балдарга президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгынын алкагында "Улуу жолду улантуучулар" деген темада балдарга кыргыз элинин баалуулуктары тууралуу маалымат берип, апаларыбыз койдун жүнүнөн эле боз үйдөн баштап жылуу байпакка чейин жасаганын жеткиргим келди.

Аталарыбыз кадимки эле жыгачтан 4 мезгилде тең жашай турган боз үй тургузушканын балдарга түшүндүргүм келди. Анткени таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк, баалуулуктарга артыкчылык беришибиз керек. Сабакта жаратылышка аяр мамиле кылуу, кам көрүү максатын да камтып, экологиялык жактан таза буюмдарды колдондум.

Балдарга кичинекей боз үйдү тиктирип көрүп, моторикасын өнүктүрүү үчүн боз үйдү төө буурчак менен кооздоттум, бул балдардын кызыгуусун аябай арттырды. Шырдакты пазл катары чогулттуруп, чүкө менен эсептерди чыгарттырдым.

Айтор, мен бул сабагым менен 4-5 жаштагы балдарга улуттук баалуулуктарды билүүнү, мекенчил, намыскөй элдин уул-кызы болушу керектигин жеткире алдым деп ойлойм.

4f195746-4672-4649-b00f-e602131b461d.jpeg

Республикалык сынакта "Кышкы табият" темасы келгендиктен жогорудагы сабагымды кыш менен байланыштырып, кыргыз элинин көчмөн маданиятындагы жашоосун ачып бердим. Актан, Акылай менен онлайн байланышып балдарга кеңеш бердирип, бүгүнкү күндөгү заманбап технологиялардын өнүгүүсүн кошто кеттим. Мен ушул сабагым менен аз да болсо балдардын атуулдук сезимдерин ойготтум, патриоттуулукка, айкөлдүүлүккө, жардамдашууга, кыздарды сыйлоо боюнча тарбия бергенге аракет кылдым деп эсептейм.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

- Жолдошум укук коргоо органынын кызматкери, бир кыз, үч уулубуз бар. Учурда Бишкек шаарында батирде жашайбыз. Мамлекеттик ипотекалык компанияга үй алыш үчүн кезекте турабыз.

- Ата-энелерге, тарбиячыларга бала тарбиялоо боюнча кандай кеп-кеңештериңизди сунуштайт элеңиз?

- Менин сыймыктанганым биз көз карандысыз мамлекетте жашап жатканыбыз. Кеңеш катары айтаарым, биз улуттук баалуулуктарга басым жасашыбыз зарыл. Тилибизди, руханий байлыктарыбызды унуткарбай үй-бүлө, бала бакчадан баштап дайыма маани беришибиз кажет.

Менин кесиптештеримдин жумушунун оордугуна, каражаттын аздыгына карабай кыргыз элинин жаш атуулдарын тарбиялап жаткан ишинде ийгиликтерди каалайм.