Улугбек Кожобергенов Ветеринария кызматынын директору болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор
Улугбек Кожобергенов Ветеринария кызматынын директору болуп дайындалды
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Улугбек Кожобергенов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору – башкы мамлекеттик ветеринардык инспектору болуп дайындалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.