Өлкөдө жугуштуу ылаңдардын алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жасалууда

Коом Загрузка... 04 Март 2025 14:41
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Өлкөдө жугуштуу ылаңдардын алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жасалууда. Бул тууралуу Ветеринария кызматынын директору Улугбек Кожобергенов Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын 12 айында өлкө боюнча 26 088,1 миң баш малга ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Анын ичинен 1 425,5 миң баш малга диагностикалык изилдөөлөр, 24 060,8 миң баш малга алдын ала эмдөөлөр жана 601,8 миң баш малга дегельминтизация иштери жасалган.

Кожобергенов белгилегендей, жыл ичинде 3 сибирь жарасы, 37 кутурма жана 5 бруцеллез ылаңы катталган.