Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Жайында тагына турган көз айнектердин баары эле көзгө пайдалуу эмес. Алардын айрымдары көздүн көрбөй калуусуна чейин алып келиши мүмкүн, анткени алар көп учурда көздү ультракызгылт нурдан коргой албайт. Бул тууралуу Газета.Ru порталына Пирогов университетинин Клиникалык медицина институтунун офтальмология кафедрасынын ассистенти Ангелина Казанцева билдирген.
Анын айтымында, ультракызгылт нур көздүн чечекейинин бузулушуна жана катарактанын тез жетилишине, ошондой эле макулярдык аймакка зыян келтирери илимий жактан далилденген. Ошондуктан сөзсүз түрдө ультракызгылт нурдан коргой турган көз айнек кийүү зарыл. Дарыгер мындай аксессуарды оптикадан сатып алса болорун айтты.
Офтальмолог белгилегендей, ультракызгылт нурлануусуна бөгөт кое турган көз айнек көздү түз жана ультракызгылт нурлардын таасиринен коргойт. Ошондой эле күндөн коргоочу көз айнек көздү аллергиялык конъюнктивиттен жакшы коргой алат. Көздүн сезгенүүсү болгон учурда, туура дарылаган адиске кайрылуу кажет.