Улан Маматканов ШКУнун Жаштар кеңешинин XIX жыйынына катышты

Министрлер кабинети 19 Июль 2026 07:56
IMG_4992.jpeg
IMG_4993.jpeg
IMG_4994.jpeg
IMG_4996.jpeg
IMG_4997.jpeg
IMG_4995.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4992.jpeg
IMG_4993.jpeg
IMG_4994.jpeg
IMG_4996.jpeg
IMG_4997.jpeg
IMG_4995.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19. 07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ШКУнун Жаштар кеңешинин жыйынына катышты.

Жыйынды ачып жатып, Улан Маматканов туруктуу өнүгүүнү камсыздоодо жана инновацияларды жайылтууда жаштардын маанилүү ролун баса белгиледи. Ал мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизги факторлору катары жаштарда санариптик көндүмдөрдү, инновациялык ой жүгүртүүнү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. 

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар билим берүү, илим жана инновациялар чөйрөсүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар, робототехника, медицина жана экология жаатындагы биргелешкен жаштар долбоорлорун жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, тоо экосистемаларын жана суу ресурстарын сактоого багытталган жаштардын экологиялык долбоорлорун жана ыктыярчылык программаларын өнүктүрүү боюнча демилгелер каралды. 

Ошондой эле, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу маселелерине арналган ШКУнун жаштардын экологиялык форумдарын Кыргыз Республикасында өткөрүү сунушталды.