Улан Маматканов ШКУ алкагында коопсуз маалыматтык мейкиндик түзүүгө чакырды

Министрлер кабинети Загрузка... 19 Июнь 2026 10:45
WhatsApp Image 2026-06-19 at 07.39.08.jpeg
copyright icon Кабар

Бостери, 19.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафорумун ачты.

Ал бүгүнкү күндө дүйнөлүк медиа мейкиндиги санариптештирүүнүн, маалыматтык технологиялардын жана жасалма интеллекттин тез өнүгүшүнүн таасири астында ири трансформацияны баштан кечирип жатканын белгиледи. Анын айтымында, маалымат көз ирмемде тарап, коомдук пикирди гана калыптандырбастан, эл аралык процесстерге да түздөн-түз таасир этүүдө.

Маматканов өз сөзүндө заманбап маалыматтык чөйрө жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар олуттуу чакырыктарды да жаратып жатканына токтолду.

"Улуттук кызыкчылыктарды коргоо, такталбаган маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу жана киберкоопсуздукту камсыздоо маселелери бизден жоопкерчиликтүү мамилени, тыгыз кызматташууну жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну талап кылат", - деди ал.

Улан Маматканов бул форум ШКУга мүчө мамлекеттердин маалыматтык коркунучтарга, фейк маалыматтардын жайылышына жана санариптик доордун башка чакырыктарына каршы туруудагы аракеттерин бириктирүүдө маанилүү кадам болоруна ишеним билдирди. Ошондой эле профилдик түзүмдөрдүн, эксперттик коомчулуктун жана ЖМКлардын биргелешкен иши өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан ШКУ алкагында медиа чөйрөдөгү конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү, журналисттик коомчулуктардын байланышын кеңейтүүнү жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү ырааттуу түрдө колдой турганы айтылды.

Форумдун алкагында инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик платформалардын ролу жана өзгөрүп жаткан маалыматтык ландшафттагы кесиптик жоопкерчилик маселелери боюнча талкуулар уланууда.