Улан Маматканов Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышын текшерди

Министрлер кабинети 185 20 Август 2026 11:20
6a86821a90865.jpeg
6a86821a57865 (1).jpeg
6a86821a97205.jpeg
6a86821a76da1.jpeg
6a86821a74477.jpeg
6a86821a55df6.jpeg
6a86821a57865.jpeg
Алдыга
Артка
6a86821a90865.jpeg
6a86821a57865 (1).jpeg
6a86821a97205.jpeg
6a86821a76da1.jpeg
6a86821a74477.jpeg
6a86821a55df6.jpeg
6a86821a57865.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамын, ошондой эле мамлекеттик тил саясаты жаатындагы министрлер кабинетинин тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана анын түзүмдүк мекемелеринин – "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун, Окуу-маалымат жана котормо борборунун, ошондой эле "Кыргыз тили" гезитинин редакциясынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мамлекеттик тилди үйрөтүү жана аны билүү деңгээлин баалоо, терминологиялык базаны өркүндөтүү, окуу-методикалык материалдарды даярдоо, ошондой эле котормо жана редакциялоо иштеринин сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Улан Маматканов ошондой эле "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин тестирлөө борборунун иш уюштуруусун жана мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, борбордо мамлекеттик тилди билүү деңгээли бааланат.

Анын жүрүшүндө бул багытта министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин тестирлөөдөн өтүүгө суроо-талап жогорулаганы белгиленди.

Бул жагынан тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Улан Маматканов мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн практикалык ыкмаларын кеңейтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кыргыз тилин практикада колдонуунун деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, терминологиялык жана котормо иштеринин сапатын жогорулатуу, ошондой эле "Кыргыз тили" гезитинин ишин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасына мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоону күчөтүү жана комиссиянын түзүмдүк мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.