Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты.
Жыйында министрликтин отчеттук мезгил ичиндеги негизги иш-аракеттеринин натыйжалары, ошондой эле эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жаатында мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу милдеттер каралды.
Коллегиянын жүрүшүндө калкты социалдык колдоо боюнча мамлекеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруу, жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жарандардын эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери талкууланды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жарандардын социалдык корголушун камсыз кылуу, эмгек менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал өз сөзүндө жакырчылыктын деңгээли, жөлөк пулдарды төлөө, жумушсуздуктун деңгээли жана эмгек миграциясынын абалы, майыптыгын аныктоо маселелери, психоневрологиялык жана социалдык стационардык мекемелердин абалы, социалдык кызматтардын кызмат көрсөтүү деңгээли жана ведомствонун системасындагы коррупциялык тобокелдиктер боюнча актуалдуу маселелерге токтолду.
"Айрыкча медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын ишине өзүнчө токтолуу керек. Быйылкы жылдын июнь айында майыптыкты аныктоо жана анын мөөнөтүн узартуу үчүн жарандардан акча каражаттарын системалык түрдө алуу шектөөсү менен МСЭКтин өкүлдөрү кармалды. Бул өтө олуттуу сигнал. Ведомствого ден соолугунун көйгөйү бар жана мамлекеттин колдоосуна муктаж адамдар кайрылышат. Мындай адамдын оор абалынан пайдаланып акча табууга аракет кылуу социалдык системада таптакыр жол берилбес көрүнүш. Майыптыгы бар адамга карата социалдык саясат жөлөк пул төлөө менен эле чектелбеши керек. Ага реабилитация, билим берүү, кесип, жумуш жана коомдук жашоого толук кандуу катышуу камсыздалышы керек. Ошол эле учурда МСЭКте реформа башталды: мурда берилүүчү документтердин саны алтыдан экиге чейин кыскартылды, система "Түндүк" менен интеграцияланды. Эми майыптыгы боюнча маалымкатты жана реабилитациянын жеке программасын онлайн алса болот. Бул колдоого татыктуу. Эми бизге натыйжа керек", - деди Улан Маматканов.
Ошондой эле ал бардык медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардагы коррупциялык тобокелдиктерди кайрадан талдоо, акыркы үч жыл ичиндеги даттанууларды аймактар боюнча кароо зарылдыгын кошумчалады.
Өз сөзүндө ал ошондой эле бардык психоневрологиялык жана социалдык стационардык мекемелерге комплекстүү текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Улан Маматканов министрликтин аймактык жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин көңүлүн мамлекеттик колдоо жана кызматтар үчүн кайрылган жарандарга урматтоо жана көңүл буруу менен мамиле кылууну камсыз кылуу зарылдыгына бурду.
Коллегиянын алкагында Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-январына карата жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын башынан 392 миңден 2026-жылдын башына 274 миңге чейин азайганы белгиленди.
Президенттин демилгеси менен 2022-жылы башталган социалдык контракт программасы жакшы натыйжаларды көрсөтүп жаткан багыттардын бири. 2022-2025-жылдары программага 48 миңден ашык үй-бүлө катышты. Быйыл дагы 13 334 үй-бүлөнү камтуу пландалууда. 2026-жылдын 26-мартындагы президенттин жарлыгынын негизинде 1-апрелден тартып социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Министрликтин бюджети 2021-жылы 12 млрд сомдон 2026-жылы 25,4 млрд сомго чейин өстү. Быйылкы жылдын июль айында "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 796 балага дайындалды, алардын 83%ы мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта дайындалды.