Улан Маматканов: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — жалпы элдин аброю

Министрлер кабинети 24 Май 2026 10:00
IMG_3306.jpeg
IMG_3305.jpeg
IMG_3307.jpeg
IMG_3309.jpeg
IMG_3310.jpeg
IMG_3312.jpeg
IMG_3313.jpeg
IMG_3311.jpeg
IMG_3314.jpeg
IMG_3317.jpeg
IMG_3316.jpeg
IMG_3315.jpeg
IMG_3319.jpeg
IMG_3320.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3306.jpeg
IMG_3305.jpeg
IMG_3307.jpeg
IMG_3309.jpeg
IMG_3310.jpeg
IMG_3312.jpeg
IMG_3313.jpeg
IMG_3311.jpeg
IMG_3314.jpeg
IMG_3317.jpeg
IMG_3316.jpeg
IMG_3315.jpeg
IMG_3319.jpeg
IMG_3320.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата артка санакты салтанаттуу түрдө баштап берди.

Минкаб төрагасынын орун басары оюндар ушул жылдын 31-августунда — Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүндө башталаарын белгиледи. Ал Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын негиздөө менен ата-бабалардан калган спорттук оюндарды жандандырып, бүткүл дүйнөдөгү көчмөндөрдүн рухун ойготконун баса белгиледи.

”Алдыдагы оюндарда төгөрөктүн төрт бурчунан келген коноктор көк бөрүнүн дүбүртүн угат, комуздун күүсүн тыңшайт. Алар кыргыздын демин, көчмөндөрдүн улуу рухун сезет”, — деди Улан Маматканов.

Ошондой эле ал алдыдагы 100 күн жоопкерчиликтин жана мекенчилдиктин күндөрү экенин белгилеп, оюндарды жогорку деңгээлде өткөрүү милдети тургандыгын кошумчалады.

Сөзүнүн акырында минкаб төрагасынын орун басары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бир гана мамлекеттик иш эмес, жалпы Кыргызстан элинин аброю экенин эске салды. Ал кыргызстандыктарды өлкөбүздү дүйнөгө даңазалоого жана Улуу кыргыз дөөлөтүн түзгөн байыркы көчмөн элдин татыктуу урпактары катары таанылууга чакырды.