Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Муizam.kg. – укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын пилоттук версиясы ишке кирди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, жаңыланган платформа ченемдик укуктук актыларды тармактар боюнча иреттеп, издөө жана колдонуу жолун кыйла жеңилдетет.
"Эми жер, салык, эмгек, сот адилеттүүлүгү жана башкалар боюнча керектүү документтерди тез таба аласыз", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарды пилоттук версияны колдонуп көрүп, өркүндөтүү боюнча сунуштарын калтырууга чакырат.