Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Украина менен Россия өлкөлөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында Украина Россиянын миңден ашуун аскер кызматкерин кайтарды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жалпысынан Стамбул келишиминин алкагында тараптар туткундарды алмашуунун тогуз этабын ишке ашырышты.
Акыркы алмашууда негизинен жаракат алгандар жана оор абалдагы аскер кызматкерлери бошотулду.
Бошотулган аскерлердин арасында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын жана Улуттук полициянын өкүлдөрү бар.