Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бүгүн УКМКнын Аскердик-медициналык кызматынын базасында "Тянь-Шань: Эндоскопиянын жаңы горизонттору" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция башталды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Эндоскопиялык хирургдар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган бул ири иш-чара 25-26-июнь күндөрү өтөт. Ал эндоскопиялык жана аз инвазивдүү (кеспей жасалган) хирургия тармагындагы өлкөнүн жана чет мамлекеттердин алдыңкы адистерин, профессорлорун бир аянтчага бириктирди.
Конференциянын алкагында бир катар өзгөчө жана маанилүү иш-чаралар ишке ашырылууда. Атап айтканда, Аскердик-медициналык кызматтын операциялык бөлүмүнөн жасалып жаткан татаал операциялар реалдуу убакыт режиминде конференц-залга түз алып көрсөтүлүүдө. Жүздөн ашуун ата мекендик жана чет элдик дарыгерлер операциялардын жүрүшүнө байкоо салып, заманбап ыкмаларды талкуулап, тажрыйба алмашууда.
"Анын алкагында бир катар өтө татаал операциялар жасалууда. Алардын айрымдары Кыргызстандын медицина тарыхында алгачкы жолу жүргүзүлүп жатат. Эң негизгиси, бул конференция учурунда жүргүзүлүп жаткан бардык хирургиялык кийлигишүүлөр толугу менен акысыз аткарылууда. Мунун аркасында муктаж болгон бейтаптар жогорку квалификациялуу эл аралык деңгээлдеги медициналык жардамды акысыз алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту", — деп айтылат маалыматта.
Адистердин айтымында, бул эл аралык иш-чара ата мекендик аскердик жана жарандык хирургиянын мындан ары өнүгүшүнө, өлкө медицинасына заманбап технологияларды киргизүүгө жана дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга зор өбөлгө түзөт.