Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курулуп жана оңдолуп жаткан жолдордун кемчиликтери боюнча Бишкек шаарынын тургундарынын социалдык тармактардагы нааразычылыктарына дароо реакция жасады. Бишкектин жолдору боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталып, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин ар тараптуу текшерүүгө багытталган тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Себеби, жол долбоорлорун ишке ашырууда сапатты жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын негизги жолдорун оңдоодоо 1,38 млрд сом өздөштүрүлгөн. 2025-жылга бюджетте шаар көчөлөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүгө 5 млрд сомго жакын каражат каралган. "Бул каржылоонун масштабы боюнча болуп көрбөгөндөй көлөм, ал эң катаал көзөмөлдү талап кылат.
Эгер техникалык нормаларды бузуу фактылары тастыкталса, ошондой эле иштердин көлөмү же наркы жогоруласа, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзамда каралган чаралар көрүлөт, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чейин", - деп ишендиришти УКМКдан.
Кыргызстанда жол курулушундагы коррупция өлкөнүн тарыхында тамыры терең жайылган олуттуу көйгөй болуп келген. Бул көйгөй бюджеттик каражаттарды уурдоо, долбоорлордун наркын көтөрүү, иштерди сапатсыз аткаруу, ошондой эле кызмат абалынан жеке баюу үчүн пайдалануу сыяктуу ар кандай формаларын абийирсиз чиновниктер колдонуп келишкен.
Буга чейин мамлекет чет жактан эбегейсиз чоң көлөмдөгү каражаттарды карыз алып, чет элдик компанияларга жол салдырып келген. Ошондо деле долбоорлорго тийешелүү жергиликтүү аткаминерлер кызмат абалын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан мисалдар көп болчу.
Акыркы үч жыл ичинде бюджеттин өскөнүнө байланыштуу өлкөдө бардык аймактарда жол куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Салынган жолдордун сапаты айрым учурларда техникалык нормалар жооп бербей калып, нааразычылык жаратып келет. Мамлекет муну толугу менен өз колуна алууга аракеттенүүдө.
Паракорлук, казынаны уурдоо жана тендерлерди өткөрүүдөгү уурдоолор боюнча атайын кызмат бүгүн тийиштүү чара көрөөрүнө эч кандай шек жок. Алар тиешеси барлардын баарын аныктап, аттарын атап - подряддык уюмдардын жетекчилеринен тартып, аларды "калкалагандарга", башкача айтканда, пара алгандарга чейин иликтешет.
Анткени, Камчыбек Ташиевдин маанайын жакында Бишкек шаарынын райондорунда өткөн көчмө жыйындарда айткандарынан билсе болот, анда муниципалитеттин жана райондук акимиаттардын бир нече жетекчилери кармалып, камакка алынган.

"Мен бул жерге өзүмдү көрсөтүү үчүн келген жокмун. Кээ бирөөлөр социалдык тармактарда мени шайлоого даярданып жатат деп жазып жатышат. Дагы кайталайм, мен депутаттыкка да, президенттикке да талапкер болбойм. Мен президенттин тапшырмасын аткарып жатам. Туура эмес иш кылган чиновниктерди жоопкерчиликке тартабыз. Бул менин милдетим. Башкача болбойт! Эгер тартпасак, алар менен кошо уурдайбызбы? Мындай болбойт!" — деп билдирген УКМКнын төрагасы.
КР Улуттук илимдер академиясынын алдындагы мамлекет жана укук институтунун директору, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов атайын кызматтардын иш стили кандайча өзгөрүп жатканын жана алардын ишмердүүлүгүнүн приоритети коомдук кызыкчылыктарды коргоо болуп калганын белгилейт. "УКМК келип түшкөн маалыматты, анын ичинде социалдык тармактардан келген маалыматты да кунт коюп көзөмөлдөп, аны сын катары эмес, жарандар тарабынан берилген маанилүү сигнал катары карайт.

Коомчулуктун мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго болгон ишеними артыкчылыктуу. Учурда бир катар жол-транспорттук объектилер боюнча УКМК органдары тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, ошондой эле көз карандысыз техникалык экспертизалар дайындалган. Максаты - объективдүү көрүнүштү алуу: жол-курулуш иштерин аткарууда мыйзам бузууларга жол берилдиби же жокпу? Бул биринчиси. Экинчиден, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкекте шаардык жолдорду оңдоого 1,38 млрд сомдон ашык каражат иштетилди. 2025-жылга бюджетте 5 млрд сомдун тегерегинде каралган - бул мурда болуп көрбөгөндөй инвестициялардын деңгээли.
Мындай көлөмдөгү каражаттар бардык деңгээлде: тендерден тартып асфальттын акыркы метрине чейин өтө катуу көзөмөлдү талап кылат. Көзөмөлдү тиешелүү структуралар гана эмес, УКМК органдары да тергөөгө чейинки текшерүү жана экспертиза механизмдери аркылуу жүргүзөт. Келечекте жол куруунун сапатын жогорулатуу үчүн эмне кылуу керек деген суроо туулат?! Бул үчүн комплекстүү система керек:
- Көз карандысыз техникалык аудит жана материалдарды милдеттүү түрдө лабораториялык тестирлөө.
- Кепилдик практикасын киргизүү — подрядчиктер кемчиликтерди өз эсебинен жоюуга милдеттүү.
- Стандарттарды катуу сактоо, так пландаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө", - деп жыйынтыктады Токон Мамытов.
Жолдор оңой жол менен акча табууну көздөгөндөр үчүн "май-талкандуу", эң кирешелүү жер болуп эсептелип келген. Бир жерде асфальттын катмарын жука төшөсө болот, бир жерде сапатсыз материалдарды сатып алып, отчеттордо сапаттуу трассага кеткен деп чыгымдарды көрсөтсө болот. Ошондуктан, мындай сапатсыз салынган жолдор бир айга жетпей эле бузулуп, жазында муз менен кошо эрип кетчү жайы бар. Мунун баарын жалаң гана жаратылыш факторлоруна шылтоо акылга сыйбаган иш, анткени технологияларды сактаса, ысыкка же суукка карабастан, бир нече жыл бою жолдун бүтүндүгүнө кепилдик берсе болот.