УКМК: Өлкө аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды

Укук тартиби Загрузка... 05 Март 2025 16:33
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Өлкө аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар террорчулукка каршы операциянын алкагында атайын кызмат тарабынан кармалган. Алардын иш-аракети чет өлкөлүк ЭТУ борборлору тарабынан координацияланган.

Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан.

Аталган радикалдык топтун негизги максаты КР конституциялык түзүлүшүнө каршы "жихад" жасоо, ошондой эле Кыргызстандын аткаминерлерине, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата теракцияларды пландаштыруу экендиги аныкталып, топтун мүчөлөрүнүн биринен колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча видео нускама алынды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК террористтик жана экстремисттик ишке катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, коомчулукту сак болууга, радикалдуу жана экстремисттик идеологияга кабылбоого чакырат.