Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетине байланыштуу жүрүп жаткан тергөө иштери боюнча социалдык тармактарда тараган айрым маалыматтар боюнча комментарий берүү зарыл деп эсептейт.
Атайын кызматтан билдиришкендей, бул контекстте, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоо) негизинде, башкача айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек.
1994-жылы билим берүү мекемесин куруу үчүн маркум С.Мамбеткалиевдин атынан иш алып барган Республикалык жогорку колледжге, азыркы С.Мамбеткалиев атындагы Чүй университетине, Бишкектеги Сүйүмбаев-Осмонкул көчөсүндө (мурдагы Карпинский жана Набережная көчөлөрү) жайгашкан 1,10 гектар жер тилкеси берилген.
С.Мамбеткалиев каза болгондон кийин, аталган университетти иш жүзүндө анын кызы Мамбеткалиева Чолпон Султановна жетектеген. Бирок, 30 жылдан ашык убакыт бою ректорат билим берүү системасын кеңейтүүнүн жана өнүктүрүүнүн ордуна, жогоруда айтылган 1,10 гектар жер тилкесин өз алдынча жер тилкелерине бөлүп, аларды максаттуу багытын өзгөртүү менен үчүнчү жактарга сатып келген.
Мындан тышкары, сатылып кеткен эки жер тилкесине көп батирлүү үйлөр курулган, ал эми калган жер тилкеси максаттуу колдонулбай фаст-фуд жайларына ижарага берилген.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, университеттин аймагынын бир бөлүгү жеке менчикке өткөрүлүп берилген, ал жерде ректордун үй-бүлөсү Чолпон Мамбеткалиева жашаган эки кабаттуу кымбат баалуу турак жай курулган.
Мамлекеттик мүлктү жеке кызыкчылык үчүн пайдаланууга көзөмөлдөөчү органдардын колдоосу жана ишенимдүү мамилеси көмөктөшүп, натыйжада Мамбеткалиевдердин үй-бүлөсү материалдык пайда көрүшкөн, алар билим берүү мекемесин жеке мыйзамсыз баюунун булагына айландырышкан.
Учурдагы тергөө мыйзамсыз алынып кеткен мүлктү ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана аны мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине кайтарып алуу максатын көздөйт.
Ошол эле учурда, компетенттүү органдар жогоруда айтылган университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн текшеришет, документтерге ылайык, анда болгону 800 студент окуйт, бирок чындыгында алардын саны бир топ аз, бул сабактарга жана квалификациялык экзамендерлерге катышпаган адамдарга диплом берүүгө алып келет.
Аны менен катар Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттерди башка колледждерге жана университеттерге бөлүштүрүү боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жааттагы ишин улантат жана коомчулука бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилет.
Мындан улам С.Мамбеткалиева социалдык тармактарда сүйлөп чыгып, жарандарда боор ооруу жана эмоционалдык сезимдерин ойготкон билдирүүлөрдү атайылап жарыялоодо. Мындай контент көбүнчө кеңири аудиториянын көңүлүн буруу, коомдук пикирди калыптандыруу же жеке пайда табуу үчүн колдонулат.