Баткенде мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси кайтарылды

Аймак Загрузка... 28 Март 2025 12:27
WhatsApp Image 2025-03-28 at 11.27.54.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 28.03.25. /Кабар/. Баткен шаарында мыйзамсыз алынган жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Баткен шаарында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан 2 га аянттагы жайыт жер тилкесин трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз чыгаруу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 2007-жылы Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкү даректеги: Баткен шаары, Чет-Булак кварталы, Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан жайыт жерлерди трансформациялоосуз жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарды эсепке алуу журналында катталган материалдардын алкагында менчик ээси Б.С., көрсөтүлгөн жалпы аянты 2 га жер тилкесин Баткен шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине өз ыктыяры менен кайтарып берди.

Учурда ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылууда.