Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясы жана Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институту билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Атайын кызматтан билдиришкендей, кол коюлган документ эки аскердик окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана бир катар стратегиялык багыттар боюнча биргелешкен иш-чараларды өнүктүрүүгө багытталган.
Меморандумдун алкагында коргонуу жана коопсуздук жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
"Ошондой эле курсанттар үчүн практика жана стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен окуу-машыгуу сабактарын, талаа машыгууларын өткөрүү жана атайын окуу-материалдык базаны биргелешип колдонуу, аскердик-колдонмо жана атайын дене тарбия даярдыгын өнүктүрүү, спорттук жана аскердик-патриоттук иш-чараларды туруктуу өткөрүүгө басым жасалат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул келишимдер келечекте адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, ошондой эле өсүп келе жаткан жаштарды патриоттуулукка, жоопкерчиликке жана жогорку кесипкөйлүккө тарбиялоого өбөлгө түзөт.