Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. Уйкунун жетишсиздиги эс-тутумду начарлатып, альцгеймер, паркинсон ооруларын пайда кылат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде терапевт Бекзат Болотбек билдирди.
Дарыгердин айтуучу боюнча түнкү уйку абдан маанилүү.
“Уйкусуз жашоо мүмкүн эмес. Адам уйкусуз бир жума же он күн гана жашашы мүмкүн. Себеби, уктап жатканда адамдын мээ клеткалары калыбына келип, жаңыланып, ага толуп калган токсиндер дагы лимфатикалык система аркылуу тазаланып, керектүү гормондор бөлүнүп чыгат. Ошондой эле адамдын күндүз алган маалыматтары да эс-тутумга уйку маалында бекитилет. Балдар 9-10 саат, чоңдор 7-9 саат укташы керек.
Андан сырткары дарыгер күндүзгү уйку тунку уйкуну алмаштыра албай тургандыгын белгиледи.
“Себеби, күндүзгү уйкуда мелатонин гормону бөлүнүп чыкпайт. Ал эми бул гормон бөлүнүп чыгышы үчүн сөзсүз түрдө караңгы болушу керек. Ошондой эле адам күндүз сөзсүз түрдө кыймыл-аракетте болушу зарыл. Эң аз дегенде жарым сааттык басуу, физикалык активдүүлүк керек. Атап айтканда физикалык көнүгүүлөр же басып-туруп бир иштерди жасоо менен организмди чарчатуу керек. Ошондо гана адам кечкисин туура уктаган болот.
Муну менен бирге эле кечки тамак азыраак болгону жакшы. Ашыкча тоюу уйкунун сапатын бузат. Себеби, адам уктап жатканда анын ичегилеринин иштөөсү жайлап, эс алышы зарыл. Ал эми тоё жеп алганда ичегилер иштөөгө мажбур болуп, адамдын уйкусу жакшы болбойт.
Ошол эле маалда күндүзгү куш уйкунун дагы пайдасы бар экендигин ал четке какпайт.
“Куш уйку адамдын оюн топтоп алышына (концентрацияга) керек болот. Адам тургандан тарта иш кылып жатып түшкө маал чарчап, продуктивдүүлүгү төмөндөйт. Ошол учурда жарым саат уктап алуу сунушталат. Мындан анын ишке болгон жөндөмдүүлүгү, мээсинин активдүүлүгү жакшырат. Эгерде жарым сааттан ашык уктаса анда зыянын алып келет.
Ашыкча уктоо дагы зыян. Себеби, клеткалар иштеп, андан сырткары адамга физикалык активдүүлүк дагы керек. Ал эми көпкө уктай берген адамдын ден соолугунда кандайдыр бир көйгөйлөр болушу мүмкүн”,-деп текшерилүүнү сунуштады ал.