Уңгу жолуна арналган курсту аяктаган 46 мамкызматкерге сертификат тапшырылды

Коом Загрузка... 01 Октябрь 2025 16:16
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна арналган окуу курсу аяктады.

Курсту тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, география илимдеринин доктору, профессор Темирбек Чодураев, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, "Мурас" фондунун төрагасы, профессор Кыяс Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева, тарых илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Нурханбек Момуналиев, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Канат Жанузаков, Дин иштери боюнча изилдөө борборунун директору Шүкүр Шерматов, юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков өткөрүштү.

Окуу курсунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолуна арналган курсту аяктаган 46 мамлекеттик кызматкерге сертификаттарды тапшырды. Алар иштеген министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлерине "Уңгу жол" программасынын мааниси жөнүндө айтып берип, анын өнүгүшүнө салым кошушат.