Бишкек, 25.12.25 /Кабар/. Британиянын Түштүк Уэльс аймагындагы Огмор-бай-Си жээгинен викториан дооруна таандык жүздөгөн бут кийимдер табылды. Бул тууралуу Известия кабарлады.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине катышкан ыктыярчылар эски бут кийимдерди таап чыгышкан. Алардын айтымында, бут кийимдер болжол менен 150 жыл мурун Таскер-Рок аскаларынын жанында кырсыкка учураган италиялык жүк ташуучу кемеден жээкке агып чыгышы мүмкүн.
Арасында эркектерге да, аялдарга да таандыктары бар. Жалпысынан бир жуманын ичинде 200гө жакын жуп бут кийим чогултулган. Айрымдары абдан жакшы сакталып калгандыктан, алардын ханыша Викториянын доорунда тигилгени аныкталган.
Белгилей кетсек, королева Виктория Улуу Британияны 1837-жылдан 1901-жылга чейин башкарган.