Учурда айдоочулардын жол эрежесин билүү деңгээли текшерилүүдө - Байказы Айтикул уулу

Коом Загрузка... 18 Апрель 2025 14:00

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө өлкө башчабыздын тапшырмасына ылайык, айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин канчалык деңгээлде билүү деңгээлин сурамжылоо, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрга чейин айдоочуларга окутуу, түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүү максаты коюлган.

“Ал эми 1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан токтотулган жерден жол эрежелерин суроо жүргүзүлөт. Мында жол эрежесин билбеген айдоочулар “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрадан сынак тапшыруу үчүн жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө сурамжылоо иштери гана жүргүзүлүп жатат”,- деди Байказы Айтикул уулу.