"Учур" театрынын 25-театралдык сезону ачылды

Маданият Загрузка... 14 Октябрь 2025 10:29
wpid-chm.jpg
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын 25-театралдык сезону ачылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жаңы чыгармачылык жылынын башталышы белгилүү режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Чиркин өмүр” спектакли менен ачылды. Спектакль В. Гуркиндин “Любовь и голуби” аттуу пьесасынын негизинде коюлду.

Аталган спектакль сентябрь айында Ош шаарында өткөн XIII республикалык театр фестивалында “Фестивалдын мыкты спектакли” баш байгесин менен сыйланган.

Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары С. Надырбеков катышып, театр жамаатын жаңы чыгармачылык жылдын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.