Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Күн мурун “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы кеңсесинде Директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны жана акционерлердин жылдык отуруму болуп өттү.
Компаниядан билдиришкендей, жыйында 15 маселе каралды. “Учкун” ААКтын өткөн жылдагы экономикалык көрсөткүчтөрү, алдыдагы иш планы туурасында кызуу талкуу жүрүп, бир катар сунуш-пикирлер айтылып, ишкананын ишмердүүлүгүнө баа берилди.
Жыйынтыгында Директорлор кеңешинин жаңы курамы бекитилип, Таалайбек Шаршеев төрагалыгына, ал эми Абдыкадыр Султанбаев жана Адилет Орозматов мүчөлүгүнө шайланышты.