Үч айда Октябрь районунда жашы жете электер катышкан 14 кылмыш иши катталган

Укук тартиби Загрузка... 28 Апрель 2026 12:20
mogut-li-postanovlenie-suda-i-ego-kopiya-byt-podpisany-raznymi-sudyami.jpg

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда үч айда жашы жете электер тарабынан жасалган 14 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу аталган райондун прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-кварталында балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча комплекстүү текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Көзөмөл иш-чараларынын алкагында 3 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Аларды четтетүү максатында прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, сунуштамалар берилген жана сот органдарына доо арыздар жөнөтүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган мыйзам бузуулар четтетилди.

2025–2026-жылдар аралыгында Октябрь районунда жаш өспүрүмдөр арасында өз өмүрүнө кол салуу жана суициддик аракеттердин бир катар учурлары катталган.

"Аталган окуялардын көбү толук эмес үй-бүлөдө, социалдык жана психологиялык көйгөйлөр менен байланыштуу. Окуучулар көбүнчө үй-бүлөдөгү стресс, ата-энелеринин карым-катышындагы көйгөйлөр, мектептеги конфликттер жана коомдук чөйрөдөгү агрессиялык көрүнүштөрдөн улам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылышкан", - деп белгилешти райондук прокуратурадан..

Үч айдын жыйынтыгы боюнча жашы жете электер тарабынан жасалган 14 кылмыш иши катталган. Тергөө жыйынтыгы менен кылмыш иштеринин бир бөлүгү мыйзамдуу негизде кыскартылып, калган бөлүгү сотко жөнөтүлгөн.