Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Бүгүн "Адинай" паркында президент Садыр Жапаровдун "Жашыл мурас" демилгесинин, ошондой эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча президент тарабынан жарыяланган эки айлык ишембиликтин алкагында дарак отургузуу акциясы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага министр Жээнбек Кулубаев баштаган ТИМдин жетекчилиги, Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары катышты.
Акциянын жүрүшүндө шаардагы абанын сапатын жакшыртуу жана шаардын эстетикалык келбетин көрктөндүрүү максатында 50 даана жаш шун дарагынын көчөтү отургузулду.
“Борбор калаабызды жашылдандыруу боюнча биргелешкен аракеттер келечек муундар үчүн туруктуу жана жашоо шартка ыңгайлуу шаар түзүүгө өбөлгө болоруна ишенебиз”, – деди Жээнбек Кулубаев иш-чаранын катышуучуларына кайрылып жатып.
Көчөт отургузууга катышкандар ушул сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте колдоого даяр экендиктерин билдиришти.