Тышкы басым шарттарындагы рекорддор жана туруктуулук. Улуттук банктын жетекчиси менен маек

Интервью Загрузка... 03 Март 2025 15:55
WhatsApp_Image_2025_LRhMKOK.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Улуттук банк

25-февралда Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев “Кабар” агенттигине берген маегинде бул чечимдин себептерин, ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча каржылык жөнгө салуучу органдын негизги жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

- Мелис Жусупжанович, Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде сактап калды. Бул эмне менен байланыштуу?

- Биринчиден, маекке чакырганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Улуттук банктын эсептик ченди 9% деңгээлинде кармап туруу маселесине келсек, мындай чечим Кыргызстандагы инфляциянын факторлорун комплекстүү талдоонун жыйынтыгында, ата мекендик экономиканын өнүгүүсүнө жана тышкы экономикалык чөйрөгө баа берүүнү эске алуу менен кабыл алынды. Кененирээк түшүндүрүп берейин. Улуттук банктын тең салмактуу акча-кредит саясатынын аркасында өлкөдөгү инфляциянын деңгээли орто мөөнөттүү максаттуу 5-7% чегинде калуусун улантууда. Калктын жана чарбалык ишканалардын инфляциялык күтүүлөрү орточо деңгээлде калууда. Ошол эле учурда ички керектөөнүн кеңейиши байкалууда. Бул эмгек акынын жогорулашынын фонунда калктын реалдуу кирешелеринин өсүшү жана жеке адамдардан өлкөгө акча которуулардын агымынын оң тенденциясы менен байланышкан. Өлкө экономикасы жогорку өсүү темптерин көрсөтүүдө – үстүбүздөгү жылдын январында 10,6% болду, бул анын потенциалдуу деңгээлинен жогору. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк негизинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлорунун өсүшү менен шартталган. Өткөн жылдын ичинде жана быйылкы жылдын башынан бери негизги капиталга инвестициянын көлөмү кыйла өскөнүн көрүп жатабыз. Жалпы дүйнөлүк инфляция төмөндөп жатканына карабастан, биздин аймакта, атап айтканда, Кыргызстандын коңшу мамлекеттеринде инфляция жогору бойдон калууда. Ошол эле учурда жалпысынан тышкы чөйрөдө жогорку белгисиздик сакталууда. Ошентип, жогоруда аталган факторлордун бардыгын эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде кармап туруу чечимине келди.

- Жалпысынан Улуттук банк үчүн өткөн жылды кандай мүнөздөйт элеңиз?

- 2024-жылы Улуттук банк ар кандай факторлордун таасирине карабастан, өзүнүн негизги максатына – баалардын туруктуулугун сактоого жетишти. Мындан тышкары, Улуттук банк бир нече рекорддук көрсөткүчтөргө жетише алды, алар тууралуу мен алдыда айтып берем. Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты 2024-жылы инфляциянын деңгээлин жылдын жыйынтыгы боюнча 7,3%дан 6,3%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди. Жалпысынан Кыргызстанда инфляциянын деңгээли биздин аймактын мамлекеттеринин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири бойдон калууда. Эл аралык камдарды натыйжалуу башкаруунун натыйжасында Улуттук банк жогорку көрсөткүчтөргө жетише алды. Эл аралык резервдердин 5,1 млрд АКШ долларына чейин өсүшү камсыз кылынды – бул тарыхый максимум. 2023-жылдын аягына салыштырмалуу өсүш 1,9 млрд АКШ долларын же 57,2%ды түздү. Улуттук банктын натыйжалуу ишинин дагы бир көрсөткүчү болуп 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 550,1 млрд сомду түзгөн активдердин өсүшү саналат. Салыштыруу үчүн: 2022 жана 2023-жылдары Улуттук банктын активдери 396,4 млрд сомду жана 446,1 млрд сомду түзгөн. Ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруу боюнча тең салмактуу саясаттын жана дүйнөлүк жана ички экономикалык шарттардын өзгөрүшүнө эффективдүү реакциянын аркасында Улуттук банк 2024-жылды 46 млрд сомго жакын киреше менен жыйынтыктады. Ошол эле учурда пайдага жетүү Улуттук банктын максаты эмес экенин баса белгилеп коюшум керек. Негизги максат улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо менен жетишилген баалардын туруктуулугу, ошондой эле өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет.

- Белгилүү болгондой, сом аймактагы эң туруктуу улуттук валюталардын бири бойдон калууда. Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту кантип сактай алды?

- Эскерте кетсек, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин карманат. Бул валюта курсу рыноктук механизмдердин – чет элдик валютага суроо-талап менен сунуштун ортосундагы өз ара байланыштын негизинде түзүлөт дегенди билдирет. Алмашуу курсунун өзгөрүлмө режими бар өлкөлөрдө алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгү мыйзам ченемдүү көрүнүш катары каралат. Улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана ички валюта рыногунда туруктуулукту сактоо үчүн Улуттук банк тышкы финансы рынокторунда да, ички валюта рыногунда да жагдайга дайыма көзөмөл жүргүзүп, зарыл болгон учурда рыноктук механизмдерди жана акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу менен тиешелүү чараларды көрөт, алардын негизгиси интервенциялар болуп саналат. Белгилей кетсек, 2024-жылдын башында АКШ долларынын курсу 1 АКШ доллары үчүн 89,08 сомдон 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 АКШ доллары үчүн 87,0 сомго чейин төмөндөгөн. Валюта рыногу темасын улай өлкөгө чет элдик валютанын агымын камсыз кылуу менен акча которуулардын өсүшүн да белгилегим келет. Акча которуулардын дүң агымы 3 млрд долларга жакындап, 10,5 пайызга өстү. Ошол эле учурда таза агым 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 18,6 пайызга өсүү менен 2,5 млрд долларды түздү.

- Банк сектору өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири эмеспи. Бул жаатта иштер кандай жүрүп жатат?

- 2024-жылдын ичинде Кыргызстандын банк сектору динамикалуу өнүгүп, муну негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү тастыктап турат. Алсак, банк секторунун жалпы активдери 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бир жыл ичинде 33 пайызга же 202 млрд сомго көбөйүү менен 816 млрд сомду түздү. Экономиканы кредиттөө улантылды: банктардын жалпы кредиттик портфели 2024-жылы 32,2 пайызга же 82,9 млрд сомго көбөйүп, 340,7 млрд сомду түздү. Банктарга ишенимдин жогорулашы банк секторунун депозиттик базасынын өсүшүн камсыз кылды. Алсак, 2024-жылы депозиттердин көлөмү 37,3 пайызга же 161,1 млрд сомго өсүп, 592,4 млрд сомду түздү. Банктардын өтүмдүүлүгү жогорку бойдон калууда.

- Банктар тууралуу кеп козголгондон кийин “Керемет банкка” каршы санкцияларды сурабай коё албайбыз. Сиз кырдаалга кандай комментарий бере аласыз?

- Биринчиден, түшүндүрүп койгум келет, компанияны санкциялык тизмеге киргизгенде, эреже боюнча бардык маселелерди чечүү үчүн 30-45 күн берилет. “Керемет банктын” абалына келсек, санкциялар 1-марттан тарта колдонула башташы мүмкүн. Бул мөөнөткө чейин Улуттук банк санкцияларды алып салуу үчүн бардык чараларды көрүүдө. Америка тарап менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эске сала кетейин, “Керемет Банк” буга чейин АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылып, чечимге каршы даттанарын расмий билдирген. “Керемет Банк” буга чейин АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылып, чечимге каршы даттанарын расмий билдирген. Учурда Кыргызстандын банк сектору туруктуу, адекваттуу капиталдаштырылган, ликвиддүүлүктүн жетиштүү камдарына ээ жана ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруктуу. Эл аралык санкциялар менен байланышкан тышкы чакырыктар шарттарында Улуттук банк өлкөнүн финансы системасын коргоого жана банк сектору үчүн тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган иш-чаралардын комплексин ырааттуу түрдө ишке ашырууда. Экинчи даражадагы санкциялардын мүмкүн болуучу кесепеттерин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тобокелдиктерди азайтуу максатында Улуттук банк дайыма коммерциялык банктарга санкциялык коркунучтар жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап, түшүндүрмө каттарды жана операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштарды жөнөтүп турат. Санкциялык тизмеге кирген товарлар жана адамдар менен операцияларды болтурбоого өзгөчө басым жасалат.

- Учурда дагы бир актуалдуу тема болуп каржылык алдамчылык саналууда. Бул багытта Улуттук банк кандай чараларды көрүп жатат?

- Улуттук банк алдамчылыкка каршы маалыматтык кампанияны тынымсыз жүргүзүп келет. Жарандар заманбап санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуп жаткан алдамчылардын жаңы ыкмалары жана схемалары жөнүндө дайыма кабардар болуп турат. Улуттук банк жарандар шылуундардын курмандыгы болуп калбоосү үчүн кеңири сунуштарды таркатууда. Онлайн-кредиттөө үчүн "муздатуу мезгилин" киргизүү боюнча биздин демилгебиз абдан маанилүү кадам болду. Натыйжада жарандардан Улуттук банкка алдамчылык боюнча арыздардын жана кайрылуулардын саны азайды. Ошону менен бирге биз коммерциялык банктарга алдамчылыкка каршы саясатты иштеп чыгуу, алдамчылыкка каршы системаларды киргизүү талаптарды белгилеген токтомдун долбоорун иштеп чыктык. Алдамчылыкты алдын алууга багытталган башка мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча иштер улантылууда. Бүгүнкү күндө банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорлору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн даярдалууда.

- Улуттук банк ошондой эле төлөм системаларынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылышы керек. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бул багытта ийгиликтер болдубу?

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жалпысынан туруктуу иштеди. Калк үчүн санариптик банк кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу боюнча чаралар көрүлдү. QR-коддор аркылуу төлөөнү кеңири жайылтуу боюнча иш-чаралар жигердүү жүргүзүлдү. Алсак, 2024-жылдын аягына карата республика боюнча соода- тейлөө ишканаларында 62,8 миң бирдиктүү QR-коддору орнотулган. Башкача айтканда, бирдиктүү QR-коддордун саны 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Кыргызстан ар кандай төлөм системаларынын системалар аралык интеграциясын камсыз кылуу жана QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү жагынан ЕАЭБде алдынкы позицияны ээлей турганын билдирүүнү маанилүү деп эсептейм. Төлөм системаларын өнүктүрүү темасын улантуу менен, улуттук валютанын кошумча формасы боло турган “Санариптик сом” долбоорун ишке ашырууда олуттуу прогрессти белгилей кетүүм керек. Бекитилген концепцияга ылайык, долбоор технологиялык жана мыйзамдык эки багытта ишке ашырылууда. Технологиялык бөлүктүн алкагында платформага функционалдык жана техникалык талаптар иштелип чыгып, санариптик сом платформасын апробациялоо пландаштырылган. Мыйзам чыгаруу бөлүгүнүн алкагында санариптик сомдун укуктук макамы жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылган.

- Улуттук банктын 2024-жылдагы эң көрүнүктүү демилгелеринин бири мобилдик тиркемелер аркылуу которуулар үчүн комиссияларды алып салуу болду. Мындай чечимге кантип келдиңиздер?

- Акыркы бир нече жылда банк секторун өнүктүрүүнүн негизги тенденциясы мобилдик тиркемелер аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп калды. Ошентип, керектөөчүлөргө мобилдик тиркемелер аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана жакындарына акча которууга мүмкүндүк берген түрдүү банктык кызматтар сунушталууда.

Карталарга, банктык эсептерге жана электрондук капчыктарга акча которуу кызматы калк арасында абдан популярдуу. Акча которуулар күнүмдүк жашоодо алмаштырылгыс кызмат болуп калды. Ошол эле учурда ар кандай коммерциялык банктардын кардарларынын ортосундагы которуулар үчүн комиссиялардын өлчөмү көптөр үчүн жогору бойдон калып келген, бул банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн төмөндөттү жана накталай эмес төлөмдөргө өтүү үчүн кандайдыр бир тоскоолдук болуп турган.

Улуттук банк санариптик банк кызматтарын калкка жайылтуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча өкмөттүн иш-чараларын колдоо максатында комиссияларды алууга убактылуу тыюу салуу чечимин кабыл алды.

Эске сала кетейин, тыюу салуу Кыргызстандын аймагында улуттук валютада жүргүзүлүүчү мобилдик тиркемелерди жана интернет-банкингди колдонуу менен которууларга тиешелүү.

- Мелис Жусупжанович, акырында 2025-жылга карата күтүүлөрүңүз жана божомолдоруңуз менен бөлүшө кетсеңиз

- 2025-жылы Улуттук банк ишмердүүлүктүн бардык негизги багыттары боюнча, тактап айтканда, баа жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иштерди сөзсүз улантат. 2025-жылы Улуттук банк ишмердүүлүктүн бардык негизги багыттары боюнча, айрыкча, баа жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууда комплекстүү иштерди сөзсүз улантат. Тагыраак айтканда, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция орто мөөнөттүү максаттуу диапазондо болушу мүмкүн. Инфляциялык басымдын негизги себептери катары региондун өлкөлөрүндө инфляциянын тездеши, суроо-талаптын өсүшү, дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалардын өзгөрүшү жана башка факторлор болушу ыктымал. Улуттук банк тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине дайыма баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт. Кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда Улуттук банк акча-кредит саясатына кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.