Тынч океандагы тектоникалык плитанын бузулганы айтылууда

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 10:08
owl_detail_620_8e9e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Окумуштуулар Тынч океандын тереңдигинде жайгашкан Эксплорер тектоникалык плитасынын бузулуу процессин катташты. Тиешелүү изилдөө Science Advances журналында жарыяланды.

Төрт тектоникалык плитанын чек арасын изилдөө учурунда окумуштуулар Эксплорер плитасы өз ичиндеги чыңалуунун айынан бөлүнүп, ажырап жатканын аныкташкан. Геологдордун айтымында, бул — субдукция зонасынын табигый жашоо циклинин бир этабы, анда бир плита экинчисинин астына «чөгүп», жер кыртышын жаңылайт.

Луизиана штатынын университетинин геологу Брэндон Шак субдукция зонасынын ишке киришин «тоого өйдө түртүүгө аракет кылуу» менен салыштырды.

Анын айтымында, бул өтө чоң күчтү талап кылат. Бул процессти токтотуу мүмкүн эмес, анткени анын кесепети поезд кырсыгына окшош трагедияга алып келиши мүмкүн.