Тыгын жоюлат. "Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек ишке кирди

Аймак 10 Март 2026 17:40
649871380_1386010410238121_7795269086202109182_n.jpg
649889175_1386010420238120_6912833512679919478_n.jpg
649893978_1386010400238122_5104846415380005125_n.jpg
649996869_1386010416904787_4002928683536240994_n.jpg
650003204_1386010516904777_6832153982362428647_n.jpg
650014131_1386010403571455_4874946527813165380_n.jpg
650061080_1386010506904778_2402360051295974509_n.jpg
650110754_1386010413571454_7284013505715215613_n.jpg
650820855_1386010406904788_2089768655637626605_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана инфраструктураны модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты.

Буга чейин кезектин узундугу 25 чакырымга чейин жетип, жол инфраструктурасына жана Чатыр-Көл аймагынын экологиясына терс таасирин тийгизип келген. Эми унаалар "Кара-Булак" күтүү аймагында токтоп, электрондук тизмеге ылайык этап-этабы менен чек арага жөнөтүлөт. Жүк ташуучулар өткөрүү тартибин алдын ала түзө алышат.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашов инспекциялык-тыкыр кароо комплексинин курулушу жана административдик имараттарды реконструкциялоо иштерин көрдү. Ошондой эле, бизнес өкүлдөрү жана айдоочулар үчүн жаңы заманбап күтүү залы ачылды.

Бул долбоор министрлер кабинетинин токтомуна жана бажы кызматынын 2026-2030-жылдарга карата өнүгүү концепциясына ылайык ишке ашырылууда.