Тяньцзинь шаарында ШКУнун инвестиция боюнча жумушчу тобунун жыйыны өттү

Экономика 11 Апрель 2025 12:07
image 2213.png
image 2212.png
image 2216.png
image 2215.png
image 2214.png
Алдыга
Артка
image 2213.png
image 2212.png
image 2216.png
image 2215.png
image 2214.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. 10-апрелде Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун инвестиция боюнча жумушчу тобунун IX отуруму өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйында Кыргызстан глобалдык соода-экономикалык өзгөрүүлөрдүн шартында биргелешкен долбоорлорду каржылоонун негизги каражаты катары Шанхай кызматташтык уюмунун Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоду.

Жыйынга Экономика министрлигинин Кытайдагы Соода өкүлчүлүгүнүн эксперти Бекетай Мухтар катышты. Ал өз сөзүндө кесиптештерин ШКУ мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымдады, ошондой эле бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кыргыз тараптын позициясын билдирди.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар инвестициялык климатты жакшыртуу, туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана мүчө мамлекеттердин экономикалык эгемендүүлүгүн күчөтүү багытындагы маанилүү кадам катары улуттук валютадагы эсептөөлөргө өтүү маселелерин талкуулашты.