Тузду туура колдонуу узак жана дени сак жашоонун ачкычы – дарыгер

Ден соолук Загрузка... 29 Октябрь 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Туз – адам организмине зарыл болгон минералдардын бири, анын курамына негизинен натрий жана хлор кирет. Ал организмде суу-туз балансынын сакталышына, нерв системасынын жана булчуңдардын туура иштешине көмөктөшөт. Бирок, тузду ашыкча колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына, бөйрөк ооруларына жана кан басымдын жогорулашына алып келиши мүмкүн. Ошондуктан тузду ченеми менен колдонуу сунушталат. Туздун ден соолукка тийгизген пайдасы жана зыяны тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун Социалдык-экологиялык ден соолук жана алдын алуу борборунун илимий кызматкери, эпидемиолог Жазгүл Тургумбаева айтып берди.

туз.jpg

Туз адамдын ден соолугу үчүн эмнеге маанилүү?

Туз - организм үчүн абдан маанилүү минерал болуп эсептелет. Ал негизинен натрий жана хлор сыяктуу заттарды камсыздайт. Бул элементтер сууда туз формасында болуп, адамдын жашоосундагы негизги биологиялык процесстерге активдүү катышат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, натрий адамдын күнүмдүк тамактануусундагы маанилүү компонент. Бирок, анын ашыкча керектелиши инсульт жана башка жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун жогорулатат. Ошондой эле бул оорулардан болгон эрте өлүмдүн тобокелдигин да арттырат. Натрий организмге негизинен аш тузу аркылуу кирет, бирок ал ошондой эле натрий глутаматы жана башка даам берүүчү кошулмалардын курамында да кездешет. Туздун организмге түшүү булагы калктын маданий өзгөчөлүктөрүнө жана кулинардык табитине жараша өзгөрүп турат. Ал табигый түрдө көптөгөн азыктарда, мисалы, сүттө, этте жана деңиз азыктарында кездешет. Бирок адамдар тузду негизинен кайра иштетилген азыктардан алышат. Аларга нан жана камыр азыктары, эт азыктары, ар кандай даамдар, соя жана балык соусу сыяктуу татымалдар кирет. Тузду туура колдонуу узак жана дени сак жашоонун ачкычы.

туз 2.jpg

Адамдын организминде туз кандай функцияларды аткарат?

Туз адамдын организиминде төмөндөгү фунцияларды аткарат:

  • Кандын жана суюктуктардын тең салмактуулугун сактайт;
  • Булчуңдардын жыйрылышына жардам берет;
  • Нерв импульстарын өткөрүүгө катышат;
  • Ашказан ширесин түзүүгө катышып, тамак сиңирүүгө жардам берет.

Тузсуз тамактануу ден соолукка кандай таасир тийгизет?

Толугу менен тузсуз же өтө аз туз кошулган тамак узак убакыт колдонулган учурда төмөнкүдөй терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

  • Гипонатриемия – кандагы натрийдин деңгээлинин өтө төмөндөшү, бул баш айланууга, алсыроого, жүрөк айланууга жана эс жоготууга алып келиши мүмкүн;
  • Булчуңдардын алсыздыгы жана жыйрылышы – натрийдин жетишсиздигинен нерв импульстарынын өткөрүлүшү бузулат;
  • Кан басымдын төмөндөшү - натрий жетишсиз болгондо организмде суюктук азайып, кан басым түшөт;
  • Жалпы чарчоо жана баш оору – мээ жана булчуңдар электролиттердин жетишсиздигинен улам начар иштейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, дүйнөнүн көпчүлүк калкы тузду ашыкча колдонот, ошондуктан негизги маселе - туздан баш тартуу эмес, тескерисинче, анын көлөмүн коопсуз нормага чейин азайтуу. Туз таптакыр колдонулбаса, организмдеги суунун балансы бузулат, алсыроо, баш айлануу, булчуңдардын кыймылы начарлайт.
туз 4.jpg

Туздун жетишсиздигинен кандай оорулар келип чыгышы мүмкүн?

Туздун тагыраагы натрийдин жана йоддун жетишсиздиги ар түрдүү ден соолук көйгөйлөрүн жаратат:

  1. Натрий жетишсиздигинен :
  • Кан басымдын төмөндөшү
  • Алсыроо, баш айлануу, эс жоготуу
  • Булчуңдардын жыйрылышы
  • Катуу учурларда мээнин шишиги жана талмалар

Бул абал көп учурда катуу тердөө, кусуу же суусуздануу менен коштолгон учурда пайда болушу мүмкүн.

2.Йоддун жетишсиздигинен:

Йоддун жетишсиздиги дүйнө жүзүндө эң кеңири таралган микроэлементтердин бири болуп саналат. Ал төмөнкү ооруларга алып келет:

  • Эндемикалык зоб (калкан безинин чоңоюшу)
  • Балдарда акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы
  • Жатындагы түйүлдүктүн мээси жана нерв системасынын бузулушу, өсүүнүн токтоп калышы жана психомотордук өнүгүүнүн кечеңдеши
  • Кош бойлуулук учурундагы оор тобокелдиктер - боюнан түшүү, өлүк төрөлүү, ымыркайдын өнүгүү бузулуусу.

Күнүмдүк туздун нормасы канча болушу керек?

Күнүнө 5 граммдан ашпаган туз колдонууну сунуштайт. Орточо дүйнөлүк туз керектөө адам башына күнүнө 10,8 граммды түзөт жана бул көрсөткүч нормадан эки эседен да жогору.

Йоддолгон туз эмнеси менен пайдалуу жана анын мааниси кандай?

Йоддолгон туз – калкка йод жеткирүүнүн эң жөнөкөй жана натыйжалуу жолу. Йоддун суткалык керектөө нормасы төмөнкүлөргө барабар:

  • өспүрүмдөр жана чоңдор үчүн - 150 мкг күнүнө
  • кош бойлуу жана эмизген аялдар үчүн - 250 мкг күнүнө
  • 6–12 жаштагы балдар үчүн - 120 мкг күнүнө.

Баалоолорго ылайык, дүйнө жүзүндө 1,88 миллиард адам йод жетишсиздигинин коркунучуна дуушар болгон, ал эми калктын болжол менен үчтөн бири йод тартыштыгы бар аймактарда жашайт. Йоддун жетишсиздиги жалпы ден соолуктун жана көбөйүү функциясынын бузулушуна, балдарда окуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. Оор йод жетишсиздиги өсүүнүн токтоп калышына, зоб оорусуна, түйүлдүктүн жана эмчектеги баланын мээсинин бузулушуна, ошондой эле балалык куракта психомотордук өнүгүүнүн кечеңдешине себеп болот. Йоддун жетишсиздигинин алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу стратегия катары ДССУ үй шартында жана азык-түлүк өнөр жайында колдонулуучу бардык аш тузун йод менен байытууну сунуштайт. 2021-жылдагы баалоолор боюнча, дүйнөдөгү үй-бүлөлөрдүн 89% йоддолгон тузду колдонушат. Бул коомдук саламаттык сактоодогу чоң ийгилик болуп, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында йод жетишсиздигине байланыштуу оорулардын санынын кыйла азайышына өбөлгө түзгөн.

туз 3.jpg

Балдар үчүн тузду канча өлчөмдө колдонуу туура?

Балдардын суткалык натрийдин эң жогорку сунушталган көлөмү алардын тамак-аш рационундагы энергия көлөмүнө жараша жөнгө салынышы керек.

  • 1 жашка чейинкилерге туз берүү сунушталбайт
  • 1–3 жаш - 2 грамм күнүнө
  • 4–6 жаш - 3 грамм күнүнө
  • 7 жаштан жогору - чоңдордун нормасынан ашпаган өлчөмдө 4–5 грамм.

Тузду ашыкча колдонуу кайсы органдарга зыян келтирет?

Тузду ашыкча керектөө аны тамак-аш жана азыктануудан көз каранды өлүмдөрдүн негизги тобокелдик фактору кылып эсептелет. Барган сайын көбүрөөк илимий далилдер натрийди ашыкча колдонуу ашказан рагынын, семирүүнүн, остеопороздун жана бөйрөк ооруларынын жогору тобокелдиги менен тыгыз байланышта экенин көрсөтүүдө.

- Жүрөк-кан тамыр системасына (гипертония)

- Бөйрөккө (таш, бөйрөктүн жетишсиздиги)

- Ашказанга (рак коркунучу)

- Сөөк ткандарына (остеопороз)

- Шишиктердин пайда болушу

Аш тузун көп өлчөмдө керектөө - дүйнө жүзүндө тамак-аш жана азыктанууга байланыштуу өлүмдөрдүн негизги тобокелдик факторлорунун бири катары эсептелет.

Илимий изилдөөлөрдүн саны көбөйгөн сайын, натрийди ашыкча колдонуу бир катар оорулардын коркунучун жогорулатарын көрсөтүүдө. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

- Жүрөк-кан тамыр системасына зыян: туздун ашыкчасы гипертонияга алып келет, бул өз кезегинде инсульт жана жүрөк оорусуна себеп болот;

- Бөйрөк оорулары: ашыкча туз бөйрөк таштарынын жана бөйрөк жетишсиздигинин пайда болуу тобокелдигин арттырат;

- Ашказан рагы: узак убакыт бою көп туз колдонуу ашказан рагынын коркунучун көбөйтөт;

- Сөөк ткандарына терс таасир: туз остеопорозго, башкача айтканда, сөөктүн морттугуна алып келиши мүмкүн;

- Шишиктер: ашыкча туз организмде суюктукту кармап калат, натыйжада шишиктер пайда болот.

Натрийди (тузду) керектөөнүн азайтуу жолдору

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүдө илимий негизделген жана эң үнөмдүү чараларды аныктаган. Бул чаралар тез арада ишке ашырылып, кыска убакытта төмөнкүдөй оң таасир берет:

  • өлүмдү кыскартуу,
  • дени сак жашоо узактыгын узартуу,
  • оорулардын алдын алуу,
  • саламаттык сактоого кетчү чыгымдарды азайтуу.