Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Туугандар ортосундагы нике балдардын генетикалык оорулар менен төрөлүүсүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу балдар неврологу Нурмухамед Бабаджанов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Дарыгердин маалыматына ылайык, сейрек кездешүүчү оорулар менен ооруган балдардын төрөлүшүнүн көп себептери бар.
Бирден-бир себеби экология, ата-энелердин жашоо образы, өнөкөт оорулар, генетика, ошондой эле эң негизги себеп бул туугандар ортосундагы нике. Кыргызстандын калкы аз, ошондон улам коомдогу кан аралашуулар, туугандык никелер патологиясы бар балдардын көп төрөлүшүү коркунучун жогорулатат.
Эгерде ата-эненин биринде оору болсо, анда анын балага жугуу мүмкүнчүлүгү 50 пайызды түзөт, ал эми ата-энеси тууган жана экөөндө тең оору бар болсо, анда бала 100% сейрек кездешүүчү оору менен төрөлөт. Ошондуктан төрөт үйлөрүндө неонаталдык скринингди киргизүү жана туугандык нике практикасын токтотуу маанилүү.
Окумуштуулар төрөлгөн 10 миң баланын ичинен бири СМА менен төрөлгөн бала болоорун белгилешет. Ал эми, Кыргызстанда жылына сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен 10-15 бала төрөлөт.
Ошондой эле өлкөнүн башкы фармакологу Аида Зурдинованын айтымында, Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүндө туугандык нике практикасы бар. Өзбекстанда болочок жубайларды генетикалык изилдөө жүргүзүүгө чакырып, талап кыла башташты. Кыргызстанда да бул маселени мамлекеттик деңгээлде көтөрүү керек.