Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда талма оорусу менен жабыркагандардын саны 10 миңден ашат. Бул тууралуу Бишкектеги №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун неврологу Гүлнур Эркимбекова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, талма оорусу 80 пайыз генетикалык оорулардын негизинде пайда болуп, тукум кууган оорулардын катарына кирет. Статистикалык маалыматтар боюнча дүйнө жүзүндө 5 миллиондун тегерегинде адамдан талма оорусу аныкталган.
“Бул оору көбүнчө 5 жаштан 15 чейинки балдардын арасында көбүрөөк кездешет. Негизинен талма оорусунун бир нече түрлөрү бар. Жаш балдар арасында фебрилдик талма да кездешет. Мында бала сасык тумоого же башка ооруга чалдыккан учурда дене табы көтөрүлүп талма кармашы мүмкүн. Биринчи кезекте бул чындап талманын бир түрүбү же өтүп кете турган түрүбү дарыгер тарабынан туура аныкталышы керек. Тыкыр текшерүүлөрдөн кийин гана диагноз коюлат”,- деди Гүлнур Эркимбекова.
Дарыгердин айтымында, балада талма оорусу бар экенин бир нече белгилерден улам билсе болот.
“Баланын оозунан ак көбүк чыгып, колу буттары титиреп, өзүн көзөмөлгө ала албай кулап калат. Бирок, талма оорусунун бир канча түрлөрү бар жана алардын айрым белгилери бири-биринен айырмаланып турат. Талма 80 пайыз генетикалык оорулардын негизинде пайда болуп, тукум кууган оорулардын катарына кирет. Ошондой эле бала эненин курсагында кезде мээсине кычкылтектин жетишпей калышынан улам да келип чыгышы мүмкүн. Бала төрөлгөндөн кийинки травмадан, баш мээсинде шишиктер болсо да бул ооруга алып келиши толук ыктымал”,- деди невролог.
Белгилей кетсек, 26-март Бүткүл дүйнөлүк талма оорусуна каршы күрөшүү күнү белгиленди.