Ак-Ордодогу оорукананын курулушун өз мөөнөтүндө бүтүрүү тапшырылды

Ден соолук 623 11 Июнь 2026 09:25
4e00ab0b-46e1-4e98-ad43-0b06a485c6fc.jpg
2d7dd545-f775-4b26-a097-c792852e56d1.jpg
4a5c5348-5a4e-4129-9ef0-60e95b3cae6e.jpg
9b15e6e3-4f91-406a-b80f-8c552f465760.jpg
e54ac329-cecc-4941-a29f-1f5be2d0b986.jpg
fd51b926-51cd-4119-b237-5a8ddeb460f3.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жайгашкан жаңы оорукананын курулуш аянтчасына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр объекттин курулушунун учурдагы жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматкерлер менен курулуш иштеринин аткарылыш темпин жана долбоорду аяктоо мөөнөттөрүн талкуулады.

Курулуп жаткан стационар 100 орунга ылайыкталып, борбор калаанын жана ага чектеш калктуу конуштардын тургундары үчүн адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын олуттуу жогорулатууга багытталган.

Объекттин курулушу 2024-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 213 млн 886 миң сомду түзөт.

Осмонов курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, заманбап медициналык инфраструктураны өнүктүрүү саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.