Кыргызстанда сейрек кездешүүчү оорулардын бирдиктүү реестри жок

Ден соолук Загрузка... 25 Март 2025 14:57
WhatsApp Image 2025-03-25 at 14.33.28.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда сейрек кездешүүчү же орфандык оорулардын бирдиктүү реестри жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы фармакологу Аида Зурдинова билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө омуртка булчуңдарынын атрофиясынан да коркунучтуу ар кандай сейрек кездешүүчү оорулар бар.

"Бирок, системада канча жана кандай оорулар бар экенин так айта албайбыз, анткени бирдиктүү реестр жок. Тилекке каршы, бизде сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоочу адистер жетишсиз",- деди Аида Зурдинова.

Орфандык оорулар - бул аз изилденген, белгилүү бир дарылоо ыкмалары азырынча белгисиз болгон оорулар.