Кыргызстандагы саясий туруктуулуктун экономикалык, социалдык жана тышкы мамилелердеги мааниси канчалык олуттуу экенин акыркы беш жылда коомчулук жакшы түшүнүп калды. Өзгөчө тышкы саясатта, глобалдык чакырыктар алкагында бекемделип жаткан экономикалык мамилелерди өлкөнүн ички кызыкчылыгына пайдаланууда бирдиктүү курстун болушу жана бийликтин туруктуулугу зарыл. Бул жагдай биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз үчүн да маанилүү, анткени алар Кыргызстандагы процесстерге тыкыр көз салып турушат.
Учурда биздин өлкө стратегиялык маанидеги ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда. Алсак, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи сыяктуу долбоорлорго сырттан капитал тартылды.
Бул долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусу келечектеги инвесторлор үчүн ишенимдүү сигнал болуп саналат. Демек, Кыргызстандагы саясий окуялар жана экономикалык өзгөрүүлөр эл аралык каржы институттарынын көңүлүн жөн жерден бурбайт.
Жакында эле президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча талаштарга Конституциялык сот чекит коюп, шайлоо мыйзам түрүндө 2027-жылы өтөрү тууралуу маалыматтарды коңшу Казакстандын ЖМКлары да жазып чыгышты. Казакстандык журналисттер ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлгөн коомдук пикирди изилдөөнүн жыйынтыктарына кызыгып, саясий рейтингдерди талдоого алышкан. Изилдөөнүн натыйжасында президент Садыр Жапаровдун рейтинги башка саясий ишмерлердикинен кыйла алдыга озуп чыккан.
Бул Казакстан үчүн эмнеге маанилүү?
“Кыргызстан – Казакстандын ЕАЭБ боюнча жана аймактык күн тартибиндеги эң жакын өнөктөшү. Коңшу өлкөдөгү саясий туруктуулук түздөн-түз экономикалык кызматташтыкка, миграциялык процесстерге жана жалпы эле Борбор Азиядагы инвестициялык климатка таасирин тийгизет”, — деп жазды казакстандык kursiv.media басылмасы.
Туруктуу бийликтин баасы
Коңшу өлкөнүн журналисттери сурамжылоодо Садыр Жапаровго байланышкан көрсөткүчтөргө өзгөчө басым жасашкан. Респонденттердин 81%ы президенттин ишмердигине оң баа беришкен. Казакстандык талдоочулар муну Садыр Жапаровдун позициясынын жогорку деңгээлдеги туруктуулугу катары баалашты.
Сурамжылоого катышкандардын 75%ы президент өз милдетин жакшы аткарып жатат деп эсептейт. Бул учурдагы бийликке элдин ишеними жогору экенин билдирет.
Кыргызстандын президенттигине кимди ылайыктуу көрөсүз деген суроого катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү Садыр Жапаровду белгилешкен.
- Садыр Жапаров — 69% (КР президенти)
- Камчыбек Ташиев — 15% (КР УКМК мурдагы төрагасы)
- Адахан Мадумаров — 3% (ЖК мурунку депутаты)
- Жеңишбек Токторбаев — 2% (Ош шарынын мурдагы мэри)
- Элвира Сурабалдиева — 1% (Жогорку Кеңештин депутаты)
- Курманкул Зулушев — 1% (мурунку башкы прокурор)
- Нуржигит Кадырбеков — 1% (ЖКнын мурдагы депутаты)
- Дастан Бекешев — 1% (Жогорку Кеңештин депутаты)
- Жанарбек Акаев — 1% (Ош шаарынын мэри)
- Эрулан Көкүлов — 1% (Жогорку Кеңештин депутаты)
- Өмүрбек Текебаев — 1% (Кыргызстандын Германиядагы элчиси)
- Равшан Жээнбеков — 1% (ЖК мурунку депутаты)
- Бири дагы эмес — 1%
- Жооп берүү кыйынга турду — 2%

Жыйынтыктар учурдагы президент Садыр Жапаровдун атаандашы жок экенин көрсөткөн. Kursiv.media аталган сурамжылоого болгон ишенимди да белгилеп өткөн. Изилдөө телефон аркылуу интервью жана онлайн сурамжылоо түрүндө жүргүзүлүп, ага 1 200 респондент катышкан.
Сурамжылоолор боюнча адис Айдин Бакытбек уулу бул рейтингдин жыйынтыктарын акыркы 5 жылда эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн башка сурамжылоолор менен салыштырган. Эксперттин айтымында, бардык изилдөөлөрдө Садыр Жапаров лидерлик позициясын сактап келетында, бардык изилдөөлөрдө Садыр Жапаров лидерлик позицияны сактап келет.

“Улуттук сурамжылоонун методологиясын карап көрдүм. Бул дүйнө жүзүндө колдонулган, эл аралык стандарттар менен бекитилген илимий методология экен. Негизи, сурамжылоо — өтө олуттуу жана аналитиканы талап кылган татаал процесс.
Изилдөө Кыргызстандын учурдагы президентинин рейтинги жогору экенин көрсөткөн. Аны акыркы 5 жылдагы сурамжылоолордун жыйынтыктары менен салыштырып көрдүм. Жапаровдун президенттик ишмердүүлүгүнө берилген баа жана анын саясатчылар арасындагы орду боюнча жыйынтыктар окшош эле экен.
Алсак, Эл аралык республикалык институт (IRI) 2020-жылдан бери жүргүзгөн рейтингдерде Садыр Жапаровго элдин көз карашы, ишеними жогору болуп, биринчиликти бербей келет. Жооп бергендердин 80-90%ы азыркы президенттин ишмердүүлүгүн жакшы деп баалашат.
Эсиңиздерде болсо, 2020-жылы коррупцияга каршы нааразычылык абдан күчөгөн. Ага улай пандемия (COVID-19) башталып, эл мамлекеттин канчалык алсыз экенин көрдү. 2021-жылы келген жаңы бийликке үмүт чоң эле. Ошондон бери инфраструктуралык объекттер, мектептер, жолдор курулуп жатат. Мурда Кыргызстанда чечим кабыл алуу процесси абдан оор жана узак болчу, бюрократия көп эле. Президент Садыр Жапаров чечимдерди ыкчам жана чечкиндүү кабыл алат, ал эми мамлекеттик органдар аларды тез арада ишке ашырып жатат. Анын саясий-коммуникациялык стили азыркы заманга ылайыктуу: эл менен байланышты мыкты өздөштүргөн, эмне иш кылып жатканын элге түшүндүрүп бере алат.
Башка саясатчылардын рейтингинин төмөн болгонуна өздөрү эле күнөөлүү. Анткени саясатчы эл менен дайыма байланышта болушу керек. Мамилени түзө алсаң, рейтингиң да жогору болот. Мисалы, сурамжылоо учурунда тизмени көрсөтпөстөн, «кайсы саясатчыга ишенесиз?» деген суроого респонденттер түз эле «Садыр Жапаров» деп жооп беришет. Эл азыркы президентке, азыркы бийликке чоң үмүт менен карап жатат деген ойдомун”, — деди Айдин Бакытбек уулу.
Кыргызстандагы абал ички процесстерге эле эмес, тышкы экономикалык жана инвестициялык чечимдерге да таасирин тийгизет. Мындай пикири менен мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Улугбек Ерешеев бөлүштү.

“Өлкөнүн туруктуулугу жана коопсуздугу өзү үчүн эле эмес, бүтүндөй аймактын өнүгүшү үчүн да маанилүү. ЕАЭБ же ШКУ сыяктуу постсоветтик мейкиндиктеги биримдиктерди талкуулап жатканда, биз көбүнчө соода көрсөткүчтөрүн же тарифтерди гана карайбыз. Бирок алардын артында өлкөлөр аралык терең байланыш жатат. Ишенимге негизделген мындай байланыштар экономикалык өсүштү түздөн-түз колдойт.
Бул эмне үчүн маанилүү? Анткени бизнес, инвесторлор жана адамдар келечекти алдын ала пландап, анан чечим чыгарышат. Өлкөдө туруктуу бийлик, так эрежелер жана тартип болсо, капитал агылып келет, ишканалар ачылып, жолдор курулат.
Дал ушундай туруктуулук жаңы экономикалык мамилелерди курууга өбөлгө түзөт. Санкциялар оорлоп, геосаясий абал тынч эмес болуп турган учурда ЕАЭБ жана ШКУ коопсуз аймак болуп бере алат. Мында мамилелер «жетекчи жана кол алдындагы» принцибинде эмес, бири-биринин кызыкчылыгын урматтоо жана эске алуу менен курулат.
Күчтүү бийлик жана ар бир өлкөдөгү тынчтык бардыгы үчүн пайдалуу. Бул — жаңы тармактардын, жумуш орундарынын жана экономикалык өнүгүүнүн негизи. Ар бир ЕАЭБ жана ШКУ өлкөсү өзүнүн туруктуулугун камсыздаганы — бул коопсуздук менен өнүгүү катарлаш турган жалпы келечекке кошкон салымы”, — деди Улугбек Ерешеев.