Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Стамбул шаарында өтүп жаткан 17-IDEF 2025 эл аралык коргонуу өнөр жай жарманкесинде түрк коргонуу компаниясы ROKETSAN тарабынан иштелип чыккан TAYFUN BLOK-4 ракетасы биринчи жолу коомчулукка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган ракета 3 миң чакырымга чейин ата алат жана абадан коргонуу тутумдарын жок кылууга арналган. TAYFUN BLOK-4 ракетасы гипер үндүү ылдамдыкка ээ болуп, 10 метр узундукта жана 7 миң 200 килограмм салмакта.
“Бул Түркиянын баллистикалык ракета технологиясындагы олуттуу жетишкендиги. TAYFUN BLOK-4 согуш талаасында абдан маанилүү тоскоол боло турган ракета болот. Анын алыстыгы жана ылдамдыгы дүйнөлүк деңгээлдеги бөгөт коюучу ракеталар менен теңтайлаша алат”, – деп билдирген ROKETSAN компаниясынын башкы директору Мурат Икинжи.