Туризмдин жаңы багыты. Бишкекке Golden Eagle туристтик люкс поезди келди

Коом 30 сентябрь 2025 17:35
556746491_1106352775039890_3752618442215924672_n.jpg
555822402_1106351375040030_3783472416550875564_n.jpg
556408191_1106352555039912_3853478955139338291_n.jpg
556466236_1106351761706658_1352377234435478527_n.jpg
556521159_1106351805039987_6144372366366948501_n.jpg
555594159_1106351765039991_4086987742744105258_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу"

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек-2 темир жол бекетине туристтик Golden Eagle Luxury Trains поезди келди.

"Кыргыз темир жолунан" билдиришкендей, поездде 60тан ашык чет өлкөлүк туристтер болду. Аларды темир жолдун кызматкерлери музыканын коштоосунда шаңдуу тосуп алышты. Андан соң коноктор Бишкек шаарынын кооз жана тарыхый жайларын кыдырууга жол алышты.

Аталган туристтик поезд Кыргызстанга 29-сентябрда келип, Ысык-Көл облусунун Балыкчы бекетине багыт алган. Туристтер Ысык-Көлдүн тарыхый, маданий жана жаратылыш кооздуктарына күбө болуп, кайрадан Бишкекке кайтып келишти.

Белгилеп кетсек, быйылкы 2025-жылдын башынан бери бүгүнкү күнгө чейин 7ге жакын эл аралык туристтик поезддер Кыргызстанга келип кетти. Алдыда дагы октябрь айында бир катар туристтик поезддердин келүүсү күтүлүүдө.