Бишкектин Дордой конушунда 570 орундуу мектеп курулду

Коом 1 октябрь 2026 11:32
829147256_1605557291043314_2230256122032563753_n.jpg
831255155_1605557277709982_3611040127816335545_n.jpg
829115758_1605557231043320_7558449152666551699_n.jpg
832898592_1605557007710009_1052810953497249481_n.jpg
829874753_1605556807710029_4163776138409952483_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Дордой конушунда №94 орто билим берүү мектебинин жанына 570 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, билим ордосунда эки нөөмөттү эске алганда 1000ден ашык окуучу билим ала алат.

Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап окуу корпусу курулду. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы окуу корпусу Дордой конушундагы мектепке болгон муктаждыкты азайтып, окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.