"Кыргыз жараны": 2027–2031-жылдарга карата жаңы программа каралды

Коом 1 октябрь 2026 11:40
831437997_1355968773282306_459889256808069392_n.jpg
828783147_1719551406413566_7057927896319570553_n.jpg
825293021_4033796156915473_5429910524009243265_n.jpg
830489491_1073373471960754_6894281449720683235_n.jpg
828280529_1627048845674924_2166221593504820353_n.jpg
829361066_1999671440562915_7457524297970683770_n.jpg
828987585_1413273717608355_5871187064737067537_n.jpg
825293076_1609676590800426_6711402407534229951_n.jpg
830236721_1077424841746391_957938889246830074_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү.

Жыйында 2027–2031-жылдарга карата "Кыргыз жараны" жарандык биримдикти бекемдөөнү өнүктүрүүнүн программасынын долбоору, диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү учурдагы кырдаал, ошондой эле Эксперттик кеңештин ишмердигин өркүндөтүү маселелери каралды.

Арслан Койчиев "Кыргыз жараны" идеясын жарандык биримдикти бекемдөөнүн негизги багыттарынын бири жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү шарты катары белгилеп, жаш муундун арасында мекенчилдикти, жарандык жоопкерчиликти жана жалпы мамлекеттик баалуулуктарды урматтоо сезимин калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Программанын долбоорун мамлекеттик органдар менен макулдашуу жана коомдук талкууга чыгаруу боюнча президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке тапшырма берилип, бул процессте эксперттик коомчулуктун жана жарандык коомдун сунуштарын эске алуу зарылдыгы белгиленди.

Диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү кырдаалды талкуулоодо мамлекеттин светтик-дүйнөбий негиздерин сактоо, абийир жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу, коомдук ынтымакты жана этностор аралык биримдикти бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекеттик катчы коомчулукта бөлүп-жаруучу жана чагымчыл пикирлердин жайылышына жол бербөөгө, такталбаган маалыматтарды таратпоого жана жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Мындан тышкары, Эксперттик кеңештин курамын кеңейтүү, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун өкүлдөрүн тартуу, диний жана этностор аралык чөйрөлөрдөгү тобокелдиктерди алдын ала аныктоо боюнча иштерди күчөтүү маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясатты өркүндөтүү боюнча мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттары белгиленди.