Бишкек, 19.01.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров кышкы жана жайкы пресс-турларды уюштуруу боюнча туризм тармагында иш алып барган ишкерлер менен жолукту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда облустун аймагында туризм тармагын өнүктүрүү, аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу маселеси талкууланды. Бул үчүн коңшу өлкөлөрдөн журналисттерди жана блогерлерди чакыруу аркылуу Нарындын кооз жаратылышын, тарыхый-маданий мурастарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле пресс-турлардын алкагында маршруттарды тактоо, программаларды түзүү боюнча сунуштар айтылды.