Туризм, соода, авиакаттам. Адылбек Касымалиев БАЭ делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинети 09 Июнь 2026 12:40
6a27af69af8e4 (1).jpg
6a27aff8634df.jpg
6a27af99a0d49.jpg
6a27af6d184a2.jpg
6a27af745f8c2.jpg
Алдыга
Артка
6a27af69af8e4 (1).jpg
6a27aff8634df.jpg
6a27af99a0d49.jpg
6a27af6d184a2.jpg
6a27af745f8c2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм, авиакаттамдар жана соода чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоо үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) делегациясын кабыл алды.

Адылбек Касымалиев БАЭ Жакынкы Чыгыш аймагында маанилүү экономикалык өнөктөш экенин баса белгилеп, Кыргызстандын өз ара пайдалуу багыттар боюнча тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы БАЭнин делегациясына жана "Air Arabia" авиакомпаниясынын жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын жарандарын БАЭден эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, авиакаттамдардын географиясын кеңейтүү жана өлкөнүн масштабдуу долбоорлоруна инвесторлорду тартуу боюнча чараларды көрүүгө макулдашышты.