Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, каттам жабылды

Кырсык Загрузка... 24 Июль 2025 13:40
522491506_1055431463432266_6565580392842545948_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 12:00дө унаа жолдун 280-281-чакырым аралыгына тоодон ири көлөмдөгү таш түшкөн.

Аталган тилкеде кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

Түшкөн таштын көлөмү такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Жол убактылуу жабык болгондуктан айдоочуларга башка альтернативалуу жол багыттарын пайдалануу сунушталат.