Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Нарын шаарында коомдук транспортту санариптештирүү иштери башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги ийгиликтүү тажрыйбанын негизинде Нарын облусунда коомдук транспорт каражаттарына GPS-трекерлерди орнотуу жана "Менин шаарым" тиркемесин киргизүү иштери башталды.
"Бул система аркылуу шаар тургундары коомдук транспорттун кыймылын онлайн режимде көзөмөлдөп, автобустардын кайсы жерде экенин, маршруттардын жүрүшүн жана келүү убактысын так билүүгө мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жакынкы мезгилде коомдук транспортто "Тулпар" мобилдик тиркемесин киргизүү пландалууда. Аталган тиркеменин жардамы менен жүргүнчүлөр жол кирени накталай эмес, онлайн түрдө төлөй алышат.