Түштүк Кытайда чикунгунья вирусун жуктургандардын саны 300дөн ашты — Кабар

Түштүк Кытайда чикунгунья вирусун жуктургандардын саны 300дөн ашты

Дүйнө 25 август 2025 18:10
Түштүк Кытайда чикунгунья вирусун жуктургандардын саны 300дөн ашты
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/.
Бир жуманын ичинде Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында чикунгунья илдетин жуктургандардын саны 330дан ашты. Мындан улам дагы деле глобалдык эпидемия коркунучу сакталып жаткандыгын CCTV телеканалына таянып, Риа Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, Фошань – 206, Гуанчжоу – 62, Чжаньцзян – 15, Чаочжоу – 13, Шэньчжэнь – 9, Хэйюань – 8, Хуэйчжоу – 6, Дунгуань – 5, Чжухай жана Янцзян – ар бири 3төн, Шаогуань – 2, ошондой эле Цзянмэн, Маомин, Мэйчжоу жана Цзеян шаарларынан 1ден жогоруда аталган илдетти жуктургандар катталган.

Чикунгунья илдети – бул адамга кан соргуч чиркейлер аркылуу жугуучу вирустук инфекция. Анын негизги ташуучулары Aedes aegypti жана Aedes albopictus түрүндөгү чиркейлер болуп саналат.

Оорунун негизги таралуу аймактары - Африка, Индия, Түштүк-Чыгыш Азия, Мексика, Гватемала жана Инд океанынын аралдары болуп саналат. Бул аймактарда жыл сайын сезондук түрдө аталган вирустун жаңы учурлары катталып турат.