Түштүк Кытай биринчи тайфунга кабылышы мүмкүн

Дүйнө Загрузка... 11 Июнь 2025 10:30
WhatsApp Image 2025-06-10 at 17.08.24.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.06.25. /Кабар/. Түштүк Кытай деңизинде өнүгүп жаткан циклон жакынкы күндөрү тайфунга айланып, Кытайдын түштүк жээгин басып калышы мүмкүн. Бул тууралуу Казинформ Кытайдын борбордук метеорологиялык станциясынын маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, кечээ эртең менен Түштүк Кытай деңизинин сууларында тропикалык ойдуң пайда болгон. Анын ичиндеги шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жеткен.

Метеорологдордун айтымында, циклон жакынкы 24 сааттын ичинде тайфунга айланып кетиши мүмкүн.

Бороон Хайнань аралынын жээктеринде жана Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында 13-14-июнда болушу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, болжолдонгон тайфундун борборунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-33 метрге жетиши мүмкүн.