Түштүк Курил аралдарында жер титиреди

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-07-09 at 10.44.55.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Бүгүн Курил аралдарынын түштүк жээгинде күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Агенттиктин маалыматына караганда, жер титирөө 9-июлда жергиликтүү убакыт боюнча 14:39да болгон.

Жер титирөөнүн очогу Кунашир аралындагы Головнино айылынан 63 чакырым түштүк-чыгышта, очогу 100 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Сейсмологдордун айтымында, жер титирөө Сикотан жана Кунашир аралдарында 2 баллга чейин сезилиши мүмкүн.

Цунами боюнча эскертүү берилген жок.