Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Түштүк Кореянын батыш жээгинде Улуттук суулардын маданий мурастарын изилдөө институтунун суучулдары XII кылымга таандык 87 селадон чөйчөк, табактарды суу алдынан алып чыгышты. Бул тууралуу 2-декабрда Arkeonews журналына таянып, Известия билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, керамикалар Тхэан аймагынын жээгинен табылган. Бардык 87 буюм толугу менен бүтүн бойдон сакталган. Адистердин айтымында, мунун себеби - идиштердин байыркы ыкма менен тыгыз салынып, катмар-катмар болуп таңгакталышы. Сырткы идиштер ичкилерин коргоп, жаракалардын пайда болушуна жол берген эмес.
Ошондой эле археологдор бул жерден жыгач менен бамбуктан жасалган жазууларды табууну үмүттөнүүдө. Алар табылгалардын келип чыгышын, кимге таандык болгонун жана Горийо доорундагы соода жолдорун аныктоого жардам берет.
Изилдөөчүлөр мындай өзгөчө сакталуу шарттары Чыгыш Азиянын башка аймактарында, айрыкча Сары деңизде да кездешерин белгилешет. Ал эми бул деңиздин коюу ылайы табылгаларды сактап калууда табигый “капсула” болуп берерин далилдейт.