Түштүк Кореяда президенттик шайлоо башталды

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 09:00
4cdd43fb-7f3c-4069-ba0c-09c9ba7838c9.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Түштүк Кореяда президенттик шайлоо башталды. Бул тууралуу “Yonhap” маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Корея Республикасында мурдагы президент Юн Сок Ёлдун импичментине байланыштуу президенттик шайлоо белгиленген мөөнөттөн эки жыл эрте өтүп жатат.

Өлкөнүн калкы 52 миллионго жакын адамды түзөт.

Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, болжол менен 44,4 миллион адам добуш берүүгө укуктуу. Шайлоо участкалары жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00дө ачылат.