Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. АКШнын Түштүк Каролина штатында көлгө чагылган түшүп, 20 киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, чагылган күн мурун бороон учурунда түшкөн деп болжолдонууда.
“Түштүк Каролинадагы көлгө чагылган түшүп, жыйырма адам жаракат алды. Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, сегиз чоң киши жана 12 жашы жете элек өспүрүм токко урунган.
Жаракат алган 20 адамдын 12си жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген жана алардын өмүрүнө коркунуч жок”, - деп айтылат маалыматта.