Түштүк Африкада барда отургандарга ок чыгарылып, 9 адам каза болду

Дүйнө 22 декабрь 2025 10:40
Түштүк Африкада барда отургандарга ок чыгарылып, 9 адам каза болду

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Түштүк Африка Республикасында Йоханнесбургда ок атышууга катышкан 12 шектүү изделүүдө. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматка караганда, ок атышууда кеминде 9 адам каза тапкан. Дагы 9 киши жаракат алган.

Полициянын маалыматы боюнча, изделип жаткан шектүүлөр барда отургандарга себепсиз эле ок чыгарып, андагы адамдарды токтоосуз аткылаган. Андан соң окуя болгон жерден качып кетишкен.